Menu

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов шпионбу?

Бөлүшүү:

Редакциябызга Апрель баатыры Кайып Шер келиптир. Колунда 3-4 барагы бар. Сөздү “Бахадыр Сулейманов Кыргызстандын шпионубу?”- дегенден баштады. “Эмне үчүн антип жатасыз?”- десен, колундагы үч барагын көрсөтүп, “ошон үчүн тарых музейиндеги атка Каныкей апаңарды отургузуп алгыла деген тура’’- деди. Алып келген барагына үңүлүп карап, Кайып Шерди кепке тарттык.

– Бахадыр Сулейманов бир эмес, экинчи ирет депутат болуп жатат го. Аны мурун эмес, эмнеге азыр иликтей баштадыңыз?

– Туура. Бир эмес, экинчи ирет депутат болуп отурат. Биз бул адам боюнча башында жаман оюбуз деле жок болчу. Көп депутаттын бириндей эле көрчүбүз. Тарых музейиндеги аттарды көрүп, “буга Каныкей апаңарды отургузуп алгыла”- деген сөзүнөн кийин эмне үчүн антип айтканын тымызын иликтей баштадык. Анткени, Кыргызстандын патриоттору Каныкей энебизди шылдыңдоого жол бербейбиз. Каныкей энебизди отургузабызбы, көкөлөтүп, көтөрүп жүрөбүзбү, өзүбүз билебиз.

Чынын айтыш керек, Бахадыр Сулеймановдун бул айтканы абдан кызык болду, андыктан, эмне себептен мындай сөздү айтканын иликтей баштадым. Жыйынтыгында ал Кыргызстандын эмес, кошуна Казакстандын дунганы деген маалыматты кагаз жүзүндө колума алдым. Ошон үчүн жанагындай сөздү айтканын түшүндүм. Анан эсиме Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун Бахадырдын айланасындагы талаш-тартышы эсиме түштү. Ташиевдин “парламенттен кетирем”-дегенге чейин барып, буркан-шаркан түшкөнүн түшүндүм. Көрсө, алар да кезинде Бахадырды ошондой маселе ээрчип жүргөнү үчүн чырдашкан тура. Камчыбек Ташиев парламенттен кетиргенге чейин барам деп бекеринен айтпаган экен.

– Эгер Казакстандын жараны болгон болсо, кандайча Кыргызстандын парламентинде депутат болуп отурат?

– Биз да ошого таңгалып жатабыз. Бул жерде Бахадырдын маселеси каражат гана чечкен окшойт. Болбосо ал Казакстандын жарандыгын өткөрүп бербей туруп, кантип кыргыз парламентинин төрүндө отурмак эле. Барынан кызыгы, ал депутат болгонунан пайдаланып, сыр болуп катылган жашыруун маалыматтарды алууга укук алыптыр. Ошонусун билгенден бери “Бахадыр Сулейманов шпиондук кылып жүрөбү?”- деген ойго кептелип жатам.

Мен бул менен эле токтоп калбайм. Ал кандай иш менен алектенип жатканы боюнча да иликтейм. Кантип маселесин чечип жүргөнүн да аныктайм деп жатам. Кудай буюрса, Кыргыз парламентинин төрүндө тайраңдап, маска кийип, чыныгы жүзүн жашырып жүргөндөрдүн жүзүн ачабыз.

Аэлита Cатындиева

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: