Жалал-Абадда үйлөнүү үлпөт той өткөргөн ресторандын ээсине айып пул салынып, электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануу жайларына рейд болуп өттү. Инспекторлор “Достук” ресторанында болушту, ал жерде 100дөн ашык адамга той өткөрүлдү. Текшерүүгө келгендер мекеменин электр жарыгын өчүрүүнү чечишип, анын ээсине 3000 сом айып пул салышкан.
Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу үчүн рейддерди жана ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү буйруган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ