Menu

Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат

Бөлүшүү:

Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 «Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылат.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелерин аныктоо маселеси боюнча талаптарын камсыздоо максатында кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: