Menu

Кыргызстандын жана Норвегиянын ТИМ башчыларынын видеоконференцбайланыш форматындагы  жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-июлунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегиянын тышкы иштер министри Инне Сёрейде менен видеоконференцбайланыш аркылуу жолугушуусу болду.  Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирет.

Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо, «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндө кызматташуу маселелери каралды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган байланыштардын графиги талкууланды.

Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилелерин өз ара колдоо маселелерине көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: