Menu

Электр энергиясынын тарифи өзгөрбөйт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда айрым депутаттар жарыкка болгон тариф тууралуу сөз кылып, тариф өзгөрүшү мүмкүнбү деген суроо узаткан.

Боронов өкмөт электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашы тууралуу маселени карабаганын, Башкы прокуратура сунуш берип, бирок чечим кабыл алынбаганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн өзү акташы маселе болуп турганын айткан.

“ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясын өздүк наркы 2,90сом. ал эми сатуу наркы 0,7 сом. Демек, карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон тарифтердин баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга түздөн түз материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет”, – деп билдирген Жамшитов.

Эске салсак, 2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: