Menu

Меркель: Сирияда учууларга тыюу салынган мейкиндик керек

Бөлүшүү:

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сириядагы гуманитардык кырдаалга тынчсызданып, бул өлкөдө карапайым калкты коргоо үчүн учууларга тыюу салынган мейкиндик түзүүгө чакырды.

Бундестагда сөз сүйлөп жатып Меркель Сирияда согушкерлерге сокку уруп жаткан коалициянын катышуучулары өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын ортосундагы макулдашууга жетишүүсү керектигин белгиледи.

Шаршембиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз аскерлери сириялык күрддөрдүн ыктыярдуу отряддарын бутага алууну токтотпой турганын, алардын чек арадагы ок атууларына жооп кайтарылып жатканын жарыялаган.

Эрдогандын пикиринде, Сириядагы күрддөр партиясынын демократиялык бирлигинин куралдуу топтору Орусиянын аба соккуларынан пайдалануу менен жаңы райондорду басып алууда.

Түрк президенти Орусиянын аракети Сирия согушун жөнгө салууга тоскоол болуп жатканын кошумчалап, эл аралык коомчулукту Башар Асад менен расмий Москванын кадамдарына каршы турууга үндөдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: