Menu

Өзбекстан коңшу өлкөлөр менен чек ара сүйлөшүүлөрүн жандандырат

Бөлүшүү:

Өзбекстан 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынына ылайык, коңшу төрт мамлекет менен болгон чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин жандандырат.

Документтин долбоорунда профилдик министрлик жана мекемелерге быйылкы жылдын биринчи чейрегине карата мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча план иштеп чыгуу тапшырылат.

Планда Кыргызстан менен макулдашыла элек тилкелерди тактап, чек ара боюнча келишимге кол коюуга жетишүү каралган.

Казакстан боюнча Сырдарыя, Жизак, Навои, Түштүк-Казакстан, Кызылордо, Актөбө жана Мангыстау облустарындагы жана Каракалпакстан республикасындагы чырлуу тилкелерди демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталат.

Өзбекстандын Тажикстан жана Түркмөнстан менен дагы макулдаша элек чек ара тилкелери бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: