Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары сурак берип келген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева 9-октябрда ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Анын күбө макамын шектүүгө өзгөртүү жагы каралууда. Бул туурасында Кундуз айым өзү: “Буга чейин макамымды күбөдөн шектүүгө өзгөртөбүз деген коркутуулар болуп келген. Бир адамдын жалган көрсөтмөсү менен мени шектүү деп камакка алып коюшу мүмкүн. Бирок буга такыр негиз жок” – деп билдирди. Натыйжада, камалып калса кызын сагынаарын айтып, ИИМдин Тергөө башкармалыгына кызын бала бакчадан алдырып, коштошуп да жиберди.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ