Menu

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырза менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

Бөлүшүү:
Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И мырза менен кезектеги телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн башында КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы көп сандагы адам өмүрүн алган жана олуттуу кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүгүндөгү суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты.
Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана келечектери, анын ичинде «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин тез арада жандандыруу, биргелешкен кыргыз-кытай инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келиши, ошондой эле кыргыз экологиялык таза айыл чарба продукциясын КЭРге экспорттоо маселелери талкууланды.
Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташтык маселесинде Министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө КРга регулярдуу негизде олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.
Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн аягында Тараптар достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө үчүн КР менен КЭРдин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара умтулуу бар экендигин тастыкташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: