Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган 11 адамдын абалы оор. Анын ичинен 4 адам реанимацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алган 387 адам бейтапканаларда дарыланууда. Илдетти жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен 4 киши реанимацияда жатат. Ал эми 48 адамдын абалы орточо оор болсо, 328 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, өлкөдө 22-майга карата коронавирус жуктурган жаңы 37 учур катталды. Жалпы саны 1350.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ