Menu

ИИМ: А.Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр массалык баш аламандык фактылары боюнча күбө катары кармалган

Бөлүшүү:

Учурда 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 264-беренесинин (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т.Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаевдер күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген.
Учурда К.Атамбаев менен С.Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында бергенден кийин үйлөрүнө койо берилди. Ал эми Т.Султанбеков менен.А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: