16-17-ноябрда Бишкекте биринчи жолу балет мектептеринин жана элдик чыгармачыл топтордун окуучуларынын эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, аталган эл аралык сынак Чолпонбек Базарбаев атындагы көркөм өнөр окуу жайында өткөрүлөт. Сынактын максаты – 9-19 жаштагы бийчилерге колдоо көрсөтүп, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө шарт түзүү. Баш байгени уткандар Американын жана Европанын алдыңкы бий академияларында акысыз окууга мүмкүнчүлүк алат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ