Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал: “Атамбаевдин камалышы менен саясаттагы негизги көйгөй чечилди”

Бөлүшүү:

– Кеңешбек агай, бийликтин мындан аркы кадамдары кандай болот?

– Атамбаевдин камалышы менен саясаттагы бир көйгөй чечилди. Бирок экономикадагы, экологиядагы, коомдук мамилелердеги көйгөйлөр, коррупция, чек ара жана башка ушул сыяктуу маселелер эч кайда кеткен жок, жана чечилген жок. Эгерде жакынкы 1-2 айдын ичинде чечкиндүү кадамдар жасалбаса, кырдаал кайрадан курчушу мүмкүн.

– Кырдаалды жолго салчу кандай кадамдар болушу керек?

-Мисалы, эл ишенген өкмөт түзүү, 2020-жылы конституциялык реформа жасоо керек. Болбосо, кырдаал кайрадан курчуп, бийликтин шаштысын кетирген жагдайлар жаралышы ыктымал.

– Атамбаевдин күч менен кармалышы президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына басым кылаарын далилдедиби?

– Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы жетекчиси. Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Ошондуктан күч органдарына жетекчилик кылып, көрсөтмө бериши толук мыйзамдуу көрүнүш.

– Атамбаевдин камалышы постсоветтик мамлекеттердин президенттеринин жүрөгүн”болк” дегиздиби? Путиндин да башына ушундай күн түшүп калышы мүмкүнбү?

– Бул нерсенин канчасы оң, канчасы терс көрүнүш экенин терең талдоо керек. Бул окуя менен Кыргыздар канчалык намыстуу, жат нерсеге баш ийбеген эл болуп көрүнгөнү менен, ошол эле мезгилде тарыхтан сабак ала албаган эл болуп көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан башкалар өзүнө ыңгайлуу, керек жагын алышып, мисал катары колдонушат деп ойлойм.

– Мураскорун камдап, бийлигин өткөрүп берсе да каматты. Эми мынндан ары Кыргызстанда тынчтык жолу менен бийлик алмашпайг деген божомолдор да айтыла баштады го?..

– Эгер акыйкаттык, калыстык, чындык, мыйзамдуулук болбой, элдин укугу тебелене турган болсо мындай окуялар сөзсүз кайталанат. Кетмендин башын үчүнчү жолу басып жатсак да, азыркы бийлик сабак алып, үч Президенттин тагдырын кайталабаска аракет жасаса, бийлик тынчтык жолу менен алмашканга шарт түзүлөт.

– Атамбаевди кармоо операциясы мыйзамдуу эле болдубу же мыйзамсыз болдубу?

– Бул суроого жооп берүү үчүн операциянын даярдалышы, жооптуу адамдардын бекитилиши, даярдыкты камсыздоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, операциянын жүрүшү, жыйынтыктары, күч органдарынын операция учурундагы бири-бирине колдоо көрсөтүү боюнча макулдашылган иш план жана башка документтерди изилдеп, тергөөнүн жыйынтыгын эске алуу менен жооп берсе болот.

– Мурда “Бабанов келсе эле кармалаг” деген билдируу тараган. Азыр аны неге кармашкан жок же Бабанов бийликтин тилин таап алып, камалбасына көзү жеткенде келдиби?

– Азыркы учурга карата эң чоң көйгөй Атамбаев болчу. Бабановдун маселесин сүйлөшүү жолу менен мыйзам чегинде чечсе болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: