Берметтүү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусу менен ЕАЭБ алкагындагы Саммит болуп өттү. Бир катар маселелер каралып, майнаптуу чечимдерге кол коюлду деп жатышат. Болсун. Келген конокторду кабыл алган Кыргызстан, өзүнүн экономикалык өсүштөрү менен канчалык таң калтырды аны айта албайбыз. Бирок, өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүн алып жүрүүдөгү этикасы баарын таң калтыргандай эле болду. Сынчыл калк эмеспизби, сындап жатышат. Социалдык түйүндөрдө анын бир колун чөнтөгүнө салып турган сүрөттөрү берилип, анын айланасында ашыкча эмес, бирок одоно ката тариздеги кептерди айтышууда. Кээ бирөөсү: “Карыз алып эмес, карыз берген өлкөнүн өкмөтүндөй го” – деп тамаша чалса, бири “Ары жок өкмөт” дебеспи. Чынында эле Абылгазиевдин мындай абалда турушу көөдөн керген көпкөндүктөй көрүнсө, бир жагы конокторду сыйлабастыгындай эле сезилет. “Тең ата сүйлөшөбүз” дегенди ушундайча түшүндүбү жарыктык, ким билсин?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ