Куудул башынан жаракат алып, оорукана түшкөн сүрөтү соцтармактарга тарады. Божомол боюнча жол кырсыгына кабылган имиш. Жалал-Абаддагы “Ай-Тамга” кафесинин жанынан досу менен “ДЭУ Матиз” автоунаасында баратып, ошол маркадагы башка автоунаа менен сүзүшүп калышкан. Тез жардам келип, жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.
Ал эми куудул Тынар Курбаналиевдин айтуусу боюнча мындай:
“Жалал-Абаддын Сузак районундагы өз айылымда аламан улакка катышкам. Оюн учурунда аттын башы менин башымды уруп кетип, чекем сыйрылып кетти. Азыр ооруканадамын. Врачтар тазалап, башымды таңып беришти. Чыкканга даярданып жатам”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ