Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 60 жашка толду

Бөлүшүү:

Бүгүн 16- ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

1983-жылы Фрунзедеги К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.

2003-жылы  Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер адистиги боюнча аяктаган.

1983- 1988-жылдары- Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник.

1988-1989-жылдары  –  Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору.

1989-жылдан 1991-жылга чейин- Ош облусундагы Совет районунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы.

1991-жылдан 1993-жылга чейин- Ош облусунун Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору.

1993-1996-жылдары- Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары- Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары.

2005-2007-жылдары- Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.

2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.

2008-жылдан 2010- жылга чейин- жеке ишкер.

2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин- Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси- облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы- губернатордун милдетин аткаруучу, 2010- жылдын сентябрынан тартып- облустук мамлекеттик администрация башчысы- губернатор, август айынан тартып- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2015-жылдын 11- декабрынан тартып- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директору.

2016-жылдын мартынан тартып- Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.

2016-жылдын 13-апрель айынан тартып-Кыргыз Республикасынын премьер-министри.

2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

Президенттик кызматка 2017- жылдын 24- ноябрында киришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: