Menu

Ишке ашпаган коопсуз шаар долбоору. Жол кырсыгы күн санап өсүүдө.

Бөлүшүү:

13-апрелде кечки саат алты жарымдар чамасында Кемин районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 97-чакырымында болгон жол кырсыгы алты адамдын өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, «Хонда-Одиссей», «Мерседес- Бенц» жана «Тойота-Хайландер» үлгүсүндөгү үч машине кагылышкан. -8-апрелде болсо Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда үч жеңил автоунаа сүзүшүп, андан беш адамдын өмүрү кыйылган эле. Ал кырсык да Кемин районунда болгон. Айланма жолдогу бул женил машинелердин кагылышуусунан эки автоунаа күйүп кетип, дагы төрт адам Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген

-24-мартта Ысык-Ата районундагы «Мерседес-Бенц» жеңил машинеси менен май ташыган оор автоунаанын кагылышуусунан болгон жол кырсыгынан эки адам каза тапкан эле.

-Ал эми 31-мартта Ош-Бишкек жолунда болгон кырсык үч адамдын өмүрүн алып кеткен. Анда “Хонда Фит” жеңил унаасы менен бензовоз сүзүшкөн. Кагышкан кезде машиналар күйүп да кеткен.

-27-мартта болсо Кадамжайда 29 жоокер бараткан унаа кырсыкка кабылып, андагы беш жоокердин абалы оор экени кабарланган. Булар эки жумада болгон жол кырсыктарынын толук эмес тизмеси. Бир же эки адам каза тапкан жол кырсыктары маалымат каражаттарында айтылбай да, көңүл бурулбай да калып жатканы ачуу чындык. -Мисалы, 5-апрелде борбор калаанын Шабдан баатыр көчөсүндө («Мадина» базарына чукул жерде) жол кырсыгы катталып, унаа сүзүп кеткен орто жаштагы аял ошол жерде жан берген.

-Экинчи бир көңүл бура турган жагдай, жогорудагы кеп сандаган адам курмандыктарына алып келген жол кырсыктарынын баары шаарларды байланыштырган чоң жолдордо, трассаларда болуп жатат. 13-апрелдеги жол кырсыгыгы болгондон көп өтпөй эле Бишкек – “Манас” аэропортунун — жолунда дагы эки машине сүзүшүп, эки адамдын өмүрү кыйылганы маалым болгон. Ошондо бир күндө кеминде сегиз адам жол кырсыгынан каза тапты. (Буга чейин орто эсеп менен күнүнө үч адам жол кырсыгынан каза табаары айтылып келген). Эгер кандайдыр бир чечкиндүү чечимдер кабыл алынбаса, чаралар көрүлбөсө, жол кырсыктары, анын курмандыктары мындан ары да көбөйө берчүдөй. Ага бир канча себеп бар. Мисал келтирсек, биринчиден Кыргызстандагы автомашиналардын эскилигине жана шаар аралык эл ташыган таксисттердин жоопкерчилигин көтөрүүгө басым коюу зарыл.

– Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда үч жылдан бери машиналарды, унаалардын паркын жаңыртуу дээрлик токтоп калган. Мисалы, Кыргызстанга 2014- жылы 106 770 машина ташылып келсе, 2015- жылы 2 282, 2016- жылы болгону 200дөй гана автоунаа алынып келинген.

Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандагы машиналар жыл сайын эскиргенден эскирип баратат, жаңы унаалар болсо келбей калды. (Жаңы унаалардын келбей калганы өзүнчө тема). Жогоруда айткандай, аварияларга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл болуп турат. Өткөн жылы Кыргызстанда 5 868 жол кырсыгы катталып, 938 адам каза тапкан, 8 892 киши жаракат алган. Салыштыруу үчүн айтсак, калкынын саны Кыргызстан менен бирдей болгон Финляндияда 2013-жылы жолдордон 254 адам каза тапкан, бизге караганда үч эсе аз. Бул чакан иликтөө баян “Азаттыктын” интернеттеги баракчасынан алынды

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

– Жол коопсуздугу комплекстүү маселе. Мисалы, жолдордун абалы, машинелердин эскилиги жана техникалык абал, ошондой эле айдоочуларды даярдоо системасы, айдоо маданияты, МАИдеги коррупция, коомдогу стресстер, жөө жүргүнчүлөрдүн пешеходдорон өтүү маданияты ж.б. Ал эми коопсуз шаар деп биз видео байкоону гана билебиз. Жалгыз аны менен маселе чечилбейт.

Чолпонбек Сыдыкбаев, Саясат таануу илимдеринин кандидаты:

-Жол кырсыгынан каза таап жаткандардын саны бир жылда чакан аскердик конфликт, граждандык тирешүү болуп жаткан өлкөлөрдөгү курмандыктардын көрсөткүчтөрүнө жакындап кетип жатканы өкүнүчтүү. Биринчи кезекте айдоочулардын өздөрү аяр болгону жакшы го, “сактансаң сактайм” деген сөз бар. Анан бир айдоочу эреже бузбай баратса башкасы бузат. Көп учурда жолдордун абалы ошого түртөт. Айдоочулук күбөлүктү штамптап берип жаткан менчик козу карындай жайнаган автомектептердин да күнөөсү чоң, бул көйгөйлүү маселеге комплекстүү мамиле жасоо керек болуп турат. Ал эми үч жылдан бери айтылып ишке ашпай келе жаткан Коопсуз шаар долбоору бир багытта эмес, көп факторлор эске алынып, комплекстүү ишке ашса жакшы болмок.

Тилек Оторов, Нарын ОИИБ боюнча ПМБнун башчысынын орунбасары:

– Сөзсүз түрдө дүйнө жүзү боюнча технология өнүгүп жаткандан кийин бизде да өзгөрүү болуш керек. Автоунаанын саны, айдоочулардын саны, калктын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Ал эми жол коопсуздугун караган кызматкерлердин саны аз. Болжол менен бир кызматкерге 1 миңден ашык автоунаа туура келип калат. Ал эми коопсуз шаар, деги эле жаңы технологиядагы видео көзөмөлдөр кирсе, биринчиден атаандаштык жок болот (“джипке” болот, мага болбойбу дегендей) ,экинчиден видео көзөмөл капчыкка ургандан кийин (бир нече жолу айыпка түшкөндөн кийин) аябай эле этияттап, жол эрежесин сактап айдап калабыз. Бул тармакта азыр ИИМде дагы көптөгөн иш-мерчемдери бар, буюрса жакшы жетишкендиктерге жетебиз го деген ойдомун.

Жолдошбек Токоев, журналист:

-Ооба, адам өмүрүн алган жол кырсыктары өтө көп болууда. Мындай өкүнүчтүү көрүнүш бир эле шаарда эмес, ири трассаларда көп болууда. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорунда. 8.4.2017-ж. Бишкек-Кеминжолундагы айлампа (обьездной) жолунда автоунаадан 5 адам көз жумса, бир апта өтпөй 14.4. 2017-ж. ушул эле жолдон 6 адам көз жумду. Бул өтө өкүнүчтүү. Бул жол оңдоло электе жол кырсыгы аз болчу. Бул эмнеден? Албетте айдоочунун алабармандыгынан, тобокелге салып катуу ылдамдыкта айдагандыктан. Демек айдоочулар өздөрү жол эрежелерин ылдамдык, аралыкты кармоо, кубалап өтүү эрежесин бузушууда. Эгер эрежени сактап айдаса, мизилдеген түз жолдо эч кырсык болмок эмес. Эми шаар ичине келсек, бул жолдордо эреже бузуу өтө көп. Айрыкча “маршрутка” деп аталган автоунааларда, жеке менчик таксилер арасында. “Коопсуз шаар” долбоорун киргизүү да мезгил талабы, бирок бул жерде бир чоң маселе бар. Дегеним, маршруттук таксилер жеке менчик фирмалардыкы. Алар айдоочуларга көп учурда ижарага беришет. Фирма ээсинде эч жоопкерчилик жок. Бирок көмүскө экономика дал ушул тармакта, салыкты эң аз төлөшөт. Тигил же бул аймактарга каттап жаткан маршруттук таксилерде деле ушундай, жоопкерчилик жок. Салыкты алар да тырмактын кириндей төлөшөт. Менин оюмча, мамлекет автобустарды көбөйтүш керек да, КРнын ижара жөнүндөгү мыйзамына толуктоо киргизип, фирмалардын көп жүргүнчү батуучу автоунааларын ижарага бергенге тыюу салыш керек. Антпесе жол эрежелери бузула берет, кырсык азайбайт. Бул иште автоунаалардын фирмалары жоопкерчилик тарткандай болуш керек. Жол эрежесин эң көп бузгандар маршрутгук таксилер экенине баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Булар МАИлер менен табакташ да болуп алышкан. Мына ушул көрүнүштү жок кылуунун механизмдерин киргизиш керек. Жеке менчик фирмалар. менен ижарага алган же өз автооунасы менен жүргүнчүлөрдү ташыган фирмаларда КР “Эмгек кодексине” ылайык эмгек келишимдери жок. Демек, булар Соцфондго майзамда каралган акча каражаттарын төгүшпөйт, төгүшсө да офисте отургандар эле төгүшөт. Дагы бир маселе бул айдоочунун маданияты да чоң мааниге ээ.

Семетей Талас уулу, журналист:

-Мен бул маселе боюнча түз эле өлкө башчыбызга кайрылууну туура көрүп турам, Урматтуу Алмаз Шаршенович, Кыргыз-орус инвестициялык фондунан жолдорго видеокамера сатып алууга кредит алыңызчы? Аны деле акылдуу эсептегичтей ортомчу фирмалар алып келип орнотсо деле мейли. Атайын сайт ачтырып, эреже бузгандарды сайтка коюп, төлөтүп. Айып пулдарды көтөрүп кереги жок. Мисалы катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу 3 жолу 1000 сомдон мамлекетке төлөсө, 4-сапар өзү жолдо көрсөтүлгөн ылдамдык белгисинен ашырбай айдап калат. Болбосо ортодо МАИлер эле жыргайт, мамлекетке 1000 сом төккүчө, мага 100-200 сом төлөп кете бер деп. Анан 5 жолу катуу ылдамдык менен айдаган адамдын айдоочулук күбөлүгүн 1 жылга алып салуу керек. 10 жолу катуу ылдамдык менен видеокамерага түшкөн “Шумахерлерди” өмүр бою айдоочулук укугунан ажыратыш керек деген жаңы мыйзам Кыргызстанга өтө зарыл. Кечиктирилгис зарыл. Мындай мыйзам ишке кирсе, керек болсо Икрам Илмиянов дагы акырын айдап калмак. Видеокамера орнотулуп, сайт ачылып, ал жерге видеофакты катары эреже бузуулар коюлмайынча автокырсыктар боло берет. Анан дагы МАИлердин акча алуусу токтобойт. Бул видео-камерага кеткен кредит өзүн-өзү актамак. Андан кутулган соң, мамлекеттин казынасына акча түшө баштамак. Болбосо Кыргызстан автокырсыктардан өлгөн адамдардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: