Menu

Абдыкадыров “5” койгон чыныгы талант Айдосова

Бөлүшүү:

Улуттук филармонияда обончу Гүлмира Айдосованын “Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо” аттуу концертике жүздөгөн көрүүчүлөрү кол чаап турушту.

Айдосова кандай обончу? Бул тууралуу белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеев минтип айтты: “Гүлмира Оштогу музыкалык окуу жайына тапшырып жатканда да, окууну бүтүрүп жатканда да Рыспай Абдыкадыровдон “5” деген баа алган экен. Гүлмиранын үнүнүн тембри аябай бийик. Кыздардан чыккан обончулардан Каныкей Эралиевадан кийин эле ушул кызды көрүп олтурам. Демек, Рыспай эң жакшы баа койгон соң, биз андан башка баа койо албайбыз!”.

Гүлмира Айдосова 5-класста окуп жүргөн кезинен баштап эле обон чыгара баштаган экен. Анын ырларын далай жолу укканыбыз менен, автору ким экенин билчү эмеспиз. Бул эмнени туюндурат? Көрсө, чыныгы талант атактуулук үчүн өзү жүгүрбөйт тура, “мен мындамын, мени карагыла” деп кыйкырбайт тура. Наамы бар болду бекен деп да кызыктык, концерт көрүп олтуруп. Жок. Алып баруучулук өнөрдү аркалаган Майрамбек Осмоновдун “обончу жана аткаруучу Гүлмира Айдосова” деген чакырыгы менен гана сахнага чыгып жатты.

Биз көңүлүбүздү жазгы жамгырдан кийинки салкын желдей сергиткен, жан дүйнөбүзгө жылмайып турган эртең мененки күндөй жылуулук тартуулаган, жаңы ачылган гүлдөй сулуулук тартуулаган канаттуу ырлары үчүн Гүлмирага ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындай каалоо айтмакчыбыз:

– Өнөрүң өркүндөй берсин Гүлмира! Гүлмира Айдосова деген атыңды, наамыңды обон дүйнөсүнүн эң бийик сересинен көрүп жүрөлү! Албетте, жакшы обондордун автору болсоң да, бир нече жылдан бери ырдап келе жатсаң да жогору жактан эч кандай наам ала элек экенсиң. Тийешелүү уюмдар калыс таразалай албагандан кийин, наам берүүнү ойлобогондон кийин, наам алам деп өзүң чуркабай эле кой. Таланты жоктор гана наам алат элек деп өздөрү чуркашат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: