Menu

Табылды Акеров, саясат таанучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Президенттик шайлоодо Бабановго болуп көрбөгөндөй колдоолор болот”

Бөлүшүү:

– Табылды мырза, алдыдагы президенттик шайлоо жакындаганы бүйүр кызыткан жагдайлар орун алары күтүлүүдө. Аламан жарышта негизги күрөш Өмүрбек Бабанов менен бийлик талапкеринин ортосунда болору азыртадан эле билине баштады. Бул жаатта кандай пикир айта аласыз?

– Ооба, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо негизги фаворит талапкерлерден болот. Бирок, бүгүн ал тууралуу өтө көп карама-каршы сөздөр айтылууда. Мунун баары Өмүрбек Бабановду алсыздатуу жана анын шайлоочуларын адаштыруу үчүн жасалып жатат болуш керек. Муну бийлик анын фаворит болорун алдын ала түшүнүп жатканы катары кабыл алсак болот. Айрым бир маалыматтарда «Өмүрбек Бабанов менен бийлик сүйлөшүп, ага премьерлик кызматты берип коюптур. Анын штабы шайлоодо бийликтин мураскерине иштейт экен» деп айтылат. Себеби, Бабановго кылмыш ишинин документтерин көрсөтүп, коркутуп коюшкан имиш. Экинчисинде, «Бабановду марага
жеткирбей алып салышат экен. Бийлик бул боюнча материалдарды топтоп коюптур» деген сөздөрдү таратып жатышат. Менимче, Бабанов бул жолу эч ким менен сүйлөшпөйт. Биринчиден, «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дейт. Ал өткөн шайлоолордо сүйлөшүп, алдатып жиберген. Президенттик шайлоолор өткөндөн кийин коалицияга кирип, премьер-министр болгону менен бул кызматта турууга ага өтө аз убакыт берип коюшкан. Жаңы күчүнө кирип келатканда, ээрден шыпырып түшүп, кулатып коюшкан. Экинчиден, бул жолку шайлоолордо Бабановго болуп көрбөгөндөй колдоо болорун ал өзү деле сезип турат. Эгер бул учурду коё берип жиберсе, кийинки шайлоолордо анын аркасындагы оппоненттер алда канча күчтөнүп алышат да, ага бүгүнкүдөй шанс болбой калат. Үчүнчүдөн, Бабанов сүйлөшүп, кайра-кайра эле алдана берсе, анын электоратынын ага болгон кызыгуусу солгундап, аны үмүттөндүргөн саясатчы катары карабай калышы мүмкүн.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: