Menu

Турсунбек Акун: Кубат Оторбаев өз эрки менен кызматтан кетпесе, депутаттар ишеним көрсөтпөө жолу менен кетириши керек

Бөлүшүү:

-Турсунбек мырза, Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин ишмердүүлүгүнө купулу толбогондордун пикири анда-мында айтыла баштады. Сиздин баамыңызда Акыйкатчы өз кызматын жөндөй алдыбы?

-Мага Кубат Оторбаев – Акыйкатчылык кызматка акыйкатчыдай эмес, журналисттей мамиле кылып жаткандай сезилет. Ал деле чуу чыккан, нааразычылык болгон жерлерге барып, окуяны жеринде көргөнгө аракет кылды. Бирок, канчалык аракет кылса да чыныгы укук коргоочудай иштей албай жатат. Ага бир эмес, үч жылдан бери парламентке отчет тапшырып, докладын өткөрө албаганы далил болот. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын парламентке отчет тапшырып, докладын өткөрө албаганы далил болот. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын Акыйкатчы болуп иштегенге укугу жок. Ал тургай мөөнөтүнөн мурун отставкага кетиши керек. Биздин Акыйкатчынын кенебестигиненби же депутаттардын кайдыгерлигиненби Акыйкатчы үч жыл катарынан отчетун берип, докладын тапшырбаса да аталган кызматта, баары жайында болгондой иштеп жүрөт. Эгер Кубат Оторбаев ал кызматтан өз эрки менен кетпесе, премьер-министрди ишеним көрсөтпөй кетиргендей Акыйкатчыга да дал ошол ыкманы колдонушу керек.

-Ал кызматка сиз кызыкдар болуп, ушул маселени көтөрүп жаткан жоксузбу?

-Мен кызыкдар эмесмин. Болгону акыйкаттык үчүн айтып жатам. Мыйзамга шайкеш келбеген мындай иштерди биз айтпасак, ким айтат. Эгер Кубат Оторбаев ал кызматта мындан ары да иштейм десе, үч жылдык отчетун тезинен тапшырып, депутаттар тарабынан докладын жактыртышы керек. Болбосо, депутаттарды ишеним керсөтпөй кетирүүгө мажбурлабай өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек. Биз Акыйкатчы институтун көз карандысыз кылуу үчүн канчалаган эмгектерди жумшап, ал кызматтын кадырын көтөрүп, укугу тепселгендер маселем чечилет деп ишенип кайрыла турган абалга жеткирип, мамлекетибизде чоң кызматтардын бири кылып койгонбуз. Ошол эмгегибизди адам укугун коргоодон кабары жоктор келип алып, текке кетирип жатат. Чынында акыйкатчылык кызмат тигил же бул кызматы жоктор коно турган, утурумдук аэродром болбошу керек. Ал кызматка табиятынан укук коргоочулар, нары жагынан укугу тебелгендердин укугун коргоого жөндөмдүү адамдар иштеши керек, болбосо азыркыдай болуп ишин кыйратпаган же бирөөлөрдүн ыгынан чыкпаган институт болуп калат.

-Акыйкатчынын ишин сынга алганыңыз менен ал деле өз ишин жөндөөгө аракет кылып, Өмүрбек Чиркешовичти камактан бошотуу өтүнүчү менен чыкты го?

– Оторбаев туура маселени көтөргөнү менен калпыстыкка жол берип, Акыйкатчы эмес, журналисттей ойлонуп алып иш жасады. Ошон үчүн анын бул демилгеси түрдүү пикир жаратты. Айтайын дегеним, саясый куугунтуктун азабын жалгыз эле Текебаев тартып жаткан жок. Күнөөсү далилденбесе дагы жалаанын негизинде камалып жаткан бардык саясый туткундардын атын атап, Президенттен ырайым кылууну суранса орундуу болмок. Сыягы, Кубат Оторбаев үч жылдан бери өткөрө албаган докладын парламенттен колдоо табамбы деген үмүт менен “Ата Мекенден” колдоо күтүп, жалгыз Текебаевдин атын атаган окшойт. Баары макулдашылып жасалган иш болгондо Текебаев чалкасынан түшүп, мунапыстан баш тартмак эмес.

-Турсунбек агай, Жогорку соттун судьяларын тандоодо парламент эки эле судьяга ишеним артты го. Депутаттар келгендин баарын колдобой туура эле кылдыбы?

-Албетте, туура кылды. Мурдагыдай болуп, келген судьялардың баарын ураалап өткөрүп жиберишкен жок. Купулуна толгонуна колдоо көрсөтүп, толбогону жетиштүү добуш берген жок. Бул жерден парламент эрки, күчү бар экенин көрсөттү.

-Воронцованын колдоо таппай калганы саясый буйруктарды аткарып, кара тизмеге түшүп калганы себеп болгон жокпу?

-Негизи Воронцова мыкты судьялардын катарына кирет. Бирок, анын жогору жактагыларга жагам деп, алардын тапшырмасын аткарып, саясий заказдарды ишке ашырганы аны депутаттардын сынына кабылтып, көп добушка ээ кылбай койгондой болду.

-Сотторго көзөмөл кылып, саясий заказдарды аткарышын талап кылган Манас Арабаев да кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши менен соттор көз карандысыз болуп калды, эми аларды эч ким тымызын көзөмөл кылбайт деп ишенсек болобу?

-Сотторго көзөмөл кылып, аларга ар кандай тапшырмаларды берип, саясый буйруктарды аткарылышын талап кылган Манас Арабаевдин кызматынан кеткенинин өзү элдин кыжырын кайнаткан нерселерден арылууга аракет жасала баштаганын далилдейт. Мына ушул нерседен кийин Президент соттордун ишине кийлигишип, тымызын көзөмөлгө жол бербейт деп ишенгим келет.

-Баса, Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна 6 айдын жүзү болду. Ал 6 айдын ичинде эмнелерди жасай алды?

-Алты айда мактоого арзыган, элдин ишенимин актоого бел байлаган иштерди жасай алды. Маселен, тамырлап кеткен коррупцияны ооздуктайм деген демилге көтөрүп, аны ишке ашыруунун аракетин көрө баштады. Ошондой эле тышкы саясатта салкындап калган мамилелерди калыбына келтирип жатат. Анын бул аракетин баалаган президенттер Сооронбай Шариповичти Путинди тоскондой тосуп, абройлуу президенттердей мамиле кыла баштады. Жакшырган мамиленин баары Кыргызстан үчүн пайдасын гана берет деп ойлойм.

-Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө салым кошкон, демократиялык партиялардын чыгышына себеп болгон КДК деген уюмдун 28 жылдыгы белгиленгени жатыптыр, 28 жылдыкты кандай кылып белгилөөнү максат кылып жатасыз?

-Кыргызстанда демократиянын жел аргысын соктурган, демократиялык көз караштагы партиялардын, лидерлердин, коомдук уюмдардын калыптанышына чоң салым кошкон КДК деген коомдо орду бар, барандуу уюм бар. Мына ошол уюм жакынкы күндөрү 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында турат. Атыбыз катуу угулуп, үнүбүз бийик чыкканы менен каражаттын жоктугу кендирди кесип турат. Ошентсе да, Маданият министрлигинин жыйын өткөрчү залын алып, 100-150 кишинин алкагында аталган уюмдун 28 жылдыгын белгилөөнү пландап жатабыз. –

-Делегаттарды кандай сюрприздер күтөт? 

-КДКны уюштуруп, ага болгон энергиясын, мүмкүнчүлүгүн сарптагандардын катары суюлуп баратат. Айтайын дегеним, КДКнын сап башында тургандардын көпчүлүгү ыраматылык болуп кетишти. Ошол нерсени эске алып, КДКга салым кошкондорду, аны жетектегендерди көзүнүн тирүүсүндө сыйлап, аз болсо да мамлекеттик сыйлыктарды ыроолоп койсок ашыкча болбойт эле деген таризде Президенттин аппаратына кайрылып жатам. Кудай буюрса, 28 жылдык эмгектерди эске алган сыйлыктарды тартуулаган жагымдуу нерселер менен коштолот деген ойдомун.

Булак: “Ачык саясат”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: