Menu

ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы дайыма болуп турган экономикалык контрабанданы аныктады

Бөлүшүү:

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактыларын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстан Республикасынан “Достук” бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Азыркы убакта, ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: