Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.
ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар КРнын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.
КРнын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ