Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, тармактык комитеттин мурдагы төрайымы Асел Кодуранова (КСДП фракциясы) өз ыйгарым укуктарын токтотуу менен, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басарлыгына шайланган.
Канат Керезбеков 1970-жылы Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясынын докторантурасын бүтүргөн.
2005-2017-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп иштеген. Ал эми 2017-жылы КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Юридика илимдеринин доктору, профессор. «Даӊк» медалы сыйланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ