Menu

КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-октябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кол коюлган документтер:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн зарыл маалыматтар менен алмашуу тууралуу келишим жөнүндө.

2. 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде товарлардын чыккан өлкөлөрүн аныктоо эрежелери жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө.

3. 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга мүчө-өлкөлөрдүн эл аралык унаа жүк ташуучуларын кошумча окутуу жана кесиптик компетенттүүлүк талаптарын ыраатташтыруу жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө.

4. 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишим жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу.

5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде өкмөт башчыларынын эл аралык картелдерге натыйжалуу каршы туруу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө.

6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешме тууралуу жобосуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги алкагында терроризм жана башка экстремизмдин зомбулук көрүнүштөрү жана аларды каржылоого каршы күрөш жаатында маалыматтык алмашуу тууралуу келишим жөнүндө .

8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жерди мелиорациялоо жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жаатындагы кызматташтык концепциясы жөнүндө.

9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин мунай газ машина куруу жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жаатындагы кызматташтык концепциясы жөнүндө.

10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде 2020—жылы калкты каттоодон өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө.

11. 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу жана КМШга мүчө-мамлекеттерде Коргоо министрлер кеңешине караштуу абадан болуучу чабуулдан коргонуу маселеси боюнча Координациялык Комитеттин ишин камсыздоо тууралуу.

12. 2018-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө акча каражатын бөлүү.

13. 2018-жылы Медико-социалдык көмөктү келечекте өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жана локалдык чыр-чатактардын катышуучулары, согуш ардагерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жогорулатуу боюнча 2020-жылга чейинки иш чаралар планын каржылоо жөнүндө.

14. 2016-жыл үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетинин аткарылышы тууралуу.

15. 2017-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

16. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетинен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңеш катчылыгынын ишин камсыздоого КМШга мүчө-мамлекеттердин үлүштүк төлөм көлөмүн өзгөртүү жөнүндө.

17. 2018-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө.

18. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун органдарынын жана анын Аткаруучу дирекциясынын белгилүү өлчөмүнүн ишин финансылык жактан камсыздоо жөнүндө 2007-жылдын 25-майындагы КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин чечимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

19.КМШ Антитеррористтик борборунун жетекчисинин орун басары жөнүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: