Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз Лос-Анжелесте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын 3-фестивалында Голливуд актрисасы АнжелинаЖоли менен жолугуп, бетинен өөп учурашып, жылуу маанайда бир топко пикир алышыптыр. Ушу Сакебиз адашып эле саясатка келип алган, кино тармагына биротоло кетсе мыкты жыйынтык көргөзмөк. Жогорку Кеңештин жыйынында анда-санда күрүлдөп сүйлөп калганын эле көрбөсөк, майын чыгарган ишин же бир алкоого арзый турган мыйзам жазганын көрө элекпиз. Демек, ордун кино тармагынан тапчудай…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ