Экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров Сomment.kg сайтына интервью берип бүткөндөн кийин, коштошордо видеокамера иштеп турганын билбей Раушан Айткуловага агынан жарылып, өз чындыгын айткан. Анда 2010-жылдагы Мегаком ишканасынын тегерегиндеги саясатчылардын талашы, Текебаевдин, Атамбаевдин, Байболовдун, Салянованын жана башкалардын Мегакомго болгон кызыкчылыктары айтылган.
Бекназаров Камчыбек Ташиевге айткан чындыгын Раушан Айткуловага да кайталаган. “Текебаевдин Маевскийден 1 миллион алганы бул мошенничество! Текебаев менен Салянованы камаш керек болчу. Болгону азыр жыгылып жаткан Текебаевди аяп жатам” деген.
Булак: Сomment.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ