Кыштан чыгып жазда не болоруна эч ким көзачыктык кыла албагандай эле, биздеги түрдүү кубулуштарды алдын ала болжоо кыйын. Аз күн мурда кылмыш иши козголгон Кубанычбек Кулматов буга чейин Аскарбек Шадиевдин кызын келин кылып алууга камынып, Ысык-Көлдөн колун суроо менен алгачкы тойлору башталып калганын каңкуулашкан. Ошол таттуу кыялдар башталганда экөөнө тең «Коррупция» беренеси боюнча кьшмыш иштери козголо элек болчу. Эми болсо, Шадиев белгисиз алыс жактарда баш калкалап жүрсө, Кулматов Кыргызстандын аймагынан чыкпай турган болду. Таба эмес, тобоо! Мамлекеттин ырыскысына кол салышпай, эл үчүн чындап кызмат кылышканда, жүздөрү жарык болуп жүрүшмөк да э?
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ