Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында таажывирусун жуктуруп алган 2 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев журналисттерге билдирген.
Анын айтымы боюнча бүгүнкү күндө алардын абалы канаттандырарлык. Башында бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп, жөтөлүп жатышкан. Учурда алардын абалы туруктуу. Ооруканадагы дарыгерлер алардын сакайып кетиши үчүн бардык аракеттерин жасап жатат.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 44 адам карантинге жаткырылган.
Бүгүн, 24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ