Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Орусиянын «Түндүк агым– 2» газ кууру гибриддик согуштун куралы экенин билдирди. Анын айтымында, Москва бул долбоорду Европанын энергетикалык коопсуздугун бузуу жана Евробиримдик менен НАТОнун ортосуна жик салуу үчүн пайдаланууну көздөйт.
Моравецкий 28-майда Варшавада өткөн НАТОнун парламентик ассамблеясынын жыйынында «Түндүк агым – 2ни» «Европанын коопсуздугу үчүн уулу дары» деп атап, ал келечекте көптөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн айтты.
«Түндүк агым – 2» – учурда Балтика деңизи аркылуу өтүп, Германияга көгүлтүр отун жеткирип жаткан «Түндүк агым» газ түтүгүнүн кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган талаштуу долбоор. АКШ, Польша, Балтика жана бир катар ЕБ өлкөлөрү Европага Украинаны айлынып газ жеткирүү мүмкүндүгүн берген «Түндүк агым —2» долбооруна байланыштуу бир канча жолу тынчсызданууларын айтышкан.
Буга чейин Польшанын президенти Анджей Дуда дагы ассамблеянын жыйынында Орусиянын Европадагы пландарына карата бушаймандыгын билдирген. «Тилекке каршы Москва империялык Советтер Союзунун таркаганы менен эч качан макул болгон эмес. Грузияга кол салуу, Крымды мыйзамсыз аннексиялоо жана Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу Орусиянын чыныгы ниетин көрсөтүп турат», – деген Дуда.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ