Азырынча Кошмо Штаттарда Орусия Крымды аннексиялагандан кийин орусиялык жарандар менен корпорацияларга киргизилген санкцияларды алуу ниети жок. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер билдирди.
Анын айтымында, Крымдын аннексиясы үчүн киргизилген санциялар жарым арал Украинага кайтаралып берилгенге чейин сакталат. Тонер Орусиянын Украина чыгышындагы агрессиясы үчүн киргизилген санкциялар болсо «Минск келишимдери толугу менен аткарылганга чейин күчүндө каларын» белгиледи.
Мамдепартамент өкүлүнүн айтымында, санкциялар орус экономикасына олуттуу таасир этип, Москвада жасап жаткан кадамдары кыйла терс кесепеттерге алып барышы мүмкүн деген ойлорду жаратты.
Тонер киргизилген санкциялар орусиялык аскерлер менен куралдардын Украинанын аймагына киришин токтотпогонун, бирок ошентсе да Орусияны Минск макулдашууларынын контектинде абалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолдорун издөөгө түрткөнүн моюнуна алды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ