Адамдык баалуулуктарды күндүзү чырак менен из деп гашиш жаткам доордо жашап атабыз. Өзгөрүү күчүндө. Дегеним, Каржы министри Адылбек Касымалиевдин кызматтан кетээри айтылууда. Кетсе кетээр, ким эле түбөлүк министр болуптур. Айтайын дегенибиз, жаңы келгендеги Адылбек мырза менен азыркы Касымалиевди салыштырып болбойт. Акчанын чордонунда, май-талкандуу жер министр мырзаны бир топ өзгөрттү. Керсейтти, чалчактатты, каада күттүрдү. Аны менен адамгерчилиги да өзгөрдү, адам тандап мамиле кылып… Кабинетинде чалкалай олтуруп алып, күйүп жаткан маселелерди эмес, чөнтөгүнө ыңгайлуу маселелерди чечип. Адам бойдон эле калбайбы жарыктык, өмүр бою «акча жыттанып» жүрбөйт да…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ