Menu

Каныбек Исаков, билим берүү министри: “Министрликке келген адамды маданияттуу кабыл алып, адамгерчиликтүү мамиле кылгыла!”

Бөлүшүү:

Жаңы эле Билим жана илим берүү министри болгон Каныбек Исаков кол алдындагы кызматкерлерине талаптарды катуу коюуда. Ал өткөргөн жыйында мындан ары аталган министрликке келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, ага адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керектиги айтылды.

Соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, жарандардын ишеними төмөндөп кетти. Мындан ары бизге келген ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалсын. Алардын арызын сылык мамиле менен кабыл алып, айткандарын көңүл коюу менен угуп, аларга мыйзамдүү түрдө көмөк көрсөтүп, жарандардын муктаждыгын өз убагында чечип бергиле. Министрликтин кызматкерлери ишке карата жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ар бир кызматкер иш ордун таза сактоого милдеттүү. Министрлик билим берүүчү органдын башкы мекемеси катарында өзү үлгү көрсөтсүн. Бул  республикадагы бардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептерге чейин жайылтылып, элге позитивдүү маанай жаратып, билим берүү системасынын деңгээлин, аброюн коомдо көтөрүү боюнча иштер аткарылууга тийиш.”, – деди министр.

Эскерте кетсек, Каныбек Исаков билим жана илим берүү министри болуп 11-сентябрда келген, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. Эртеси премьер-министр М.Абылгазиев өзү ордуна алып барып отургузуп, аталган министрликтин аппаратынын эмгек жамааты менен тааныштырган. 25-сентябрда, парламентте, президенттин кашуусунда ант берген.

Бул кызматка жаңы эле келген министр жакшы иштеп баштады. Жети облустун аймактарын кыдырып, мектептердин абалы менен таанышууга жетишти. Учурда өздөрүнүн имаратында ремонт иштери жасалып, эстетикалык көрүнүшү өзгөрдү. Эне тилибизге да көңүл бурулду. Алсак, басма сөз кызматы эки: кыргыз, орус тилинде жаза баштады. Буга чейин кыргыз тили көмүскөдө калып, жалаң орус тилинде пресс-релиз берилип келген. Атүгүл мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева өзү да орусча сүйлөп, жооп берчү. Кабыл алгандар да орус тилинде ороңдоп жооп берип калышкан. Ошонун баарын ордуна коюп, четинен оңдоп келаткан жаңы министрге көз тийбесин!

Баса, бүгүн (30-сентябрда) Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Өмүров Нурлан Кубатович дайындалды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: