Россиянын Новосибирск шаарында 32 жаштагы кыргыз кызынын бычакталган жансыз денеси табылды. Кылмышка шектүү делип, 36 жаштагы кыргыз жараны, маркумдун мурунку күйөөсү кармалды. Бул тууралуу орус ММКлары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя 4-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Новосибирск шаарынын Калинин районунда болгон.
“36 жаштагы жаран мурдагы аялы менен уруша кетип, аны бычактап салган. Алган жаракатынан улам 32 жаштагы аял ошол жерден каза болгон. Криминалисттер маркумдун далысы жана көкүрөк тушуна 7 жолу бычак сайылганын көрүшкөн. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ага карата “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмышкер 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн”, – деп жазылат маалыматтарда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ