Нарында 6 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, кармалган 6 жаран: Нарын шаарында – 1, Ат-Башы районунда – 5 адам катталган.
“Кармалгандардын бардыгы эркек жарандар. Аларга тиешелүү протоколлор толтурулуп, кээ бирлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жеткирилди” – деп билдирди комендант.
Белгилей кетсек, 15-апрелден 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ