Menu

Кутман Медетбеков, юрист: “УКМК Өмүрзаковду кармоо учурунда өзүнүн кызмат абалынан аша чаап, мыйзамды одоно түрдө бузду”

Бөлүшүү:
Юрист Кутман Медетбеков УКМК Улукбек Өмүрзаковду кармоо учурунда мыйзамду одоно бузганын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 13-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Кечээ УКМК Өмүрзаковду кармоо учурунда өзүнүн кызмат абалынан аша чаап, КРнын Прокуратурасы жөнүндө мыйзамдын 84-беренесинин 1-бөлүмүн одоно түрдө бузган.
УКМК Өмүрзаков өзүнүн иш ордунда иш милдетин аткарып жатканда башка бирөөнүн көрсөтмөсү менен кармалган. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Анткени прокуратура органдары өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жатып кылмыш жасаса ошондо гана кызмат ордунан же кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кармалат. УКМКнын кармоо аракети мыйзамсыз” – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, кечээ милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, прокурор Улукбек Өмүрзаков бирөөнүн кенин басып алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: