Акын Зайырбек Ажыматов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына актёр Марат Козукеевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу пост жазды:
“Таң көрү, биз улуттук маданиятыбыздын гүлдөп турган кезиндеги дөө-шааларыбызды жоктоп оңкулдап турганда, Марат агабызга окшогон бүгүнкү залкарларыбызды билип – билбей, байкап – байкабай колдон учуруп жатабыз… Актер- режиссер… Башканы коюп анын акыркы кездеги “Саманчынын жолу” спектаклин эстеңизчи… Көктөн сахнага түшүп келген “саманчынын жолуна” не деген баа берер элеңиз? Чиркиндики, өң десең өңдөн, бой десең бойдон, үн десең үндөн кем эмес таланттуу актер, дүйнөнү башкача көрө билген режиссер эмес беле. Баса, биз экөөбүз маданиятка байланышкан кайсы бир төш белгини чогуу алып калдык. Мен Македей дөө-шаалардын жанында ошол сыйлыкты алганыма ыңгайсыз болуп, көкүрөгүмө тагылган темирди өз ордума отурарым менен чыгарып чөнтөгүмө салып койдум. Акырын көз салсам Марат байке да ошентти… Ал болбогон эле сыйлык болчу. Арман күн ай, Козукеевдин мууну улуттук театр өнөрүбүз сазга батып, баркталбай, бааланбай, спектаклдерге эл барбай калган кезде иштеди. Бул муун жапайы, орой, өктөм, маңкурт мезгилде кайсы бир чөйрөнүн театрга болгон ишеничин сактап калды… Көп эле сөз айтайын дедим эле, тилим жетпеди. Кош болуңуз, бактысыз доордун буюккан өнөр ээси. Биз сиздин чыгармачылык мүмкүнчүлүктү толук пайдаланганга жараган жокпуз…”
Эске салсак, актёр кечээ, 8-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ