Menu

Кримтөбөл Батукаевге элин тебелеткени үчүн АША жоопко тартылабы?

Бөлүшүү:

2013-жылы апрель айында абакта жаткан жеринен кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир эле күндө соттун чечими менен чыгарылып, ошол эле күнү Бишкекке коштоо менен келип, “Манас” аэропортунан кызыл килем менен басып барып жеке учак менен учуп кеткени убагында кызуу талкууланганы эсибизде.

Тоок уурдагандар жылдап темир тор артынан чыга албай жатышса, бир нече адамдын өмүрүн кыйган кылмышкердин бир эле күндө бошотулуп, анан күч органдарынын кызматкерлеринин коштоосу менен аэропортко чейин жеткирилип, андан ары жеке учак менен учуп кетиши элибиздин да кыжырын келтирип, мамлекетибиздин да беделине шек келтирген. Ошондо эле бул маселеде эң жогорку бийлик өкүлүнүн да катыштыгы бардыгы айтылган болчу. Ал кезде мамлекет башында Алмазбек Атамбаев турган.

Эми ушул иш кайрадан иликтене баштады. А.Батукаевди “3-4 күндө өлүп калышы мүмкүн” деген “ак кан” диагнозун койгон дарыгерлер – Эмил Макимбетов жана Ирина Цопова Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынышты. Бул туура чечим экенин моюнга алуу керек. Себеби, Батукаевдин абактан чыгып кетишине ошол врачтардын койгон диагнозу негиз болгон.

Азыр алардын адвокаттары “дарыгерлерде күнөө жок, ошол убакта бийликте тургандарда күнөө”- дегендей кылышууда. Демек, анда ал дарыгерлер эми тергөөдө кимдер аларга ушундай диагноз коюу керек деген көрсөтмө бергенин жана ал “кызмат” үчүн канча акча беришкенин ачыктап айтып берүүлөрү керек. Ошондо Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине үлкөн кызматтагылардан кимдер катышканын жана алар канча акчага сатылышканын коомчулук жакшы билип калат. Ошондо “Мен ачыгын айтайын”- деп сүйлөгөн Атамбаевдин чыныгы жүзү ачылат. Биз чындыкты айтуудан тайманбашыбыз керек, ал ачуу болсо да айтсак, өлкөбүздүн кадыр-баркын кримтөбөлгө тебелеттирип салган экс-чиновниктердин аты-жөнүн коомчулук билип алат.

Баса, ушул иш боюнча ошол 2013-жылы эле депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөөгө алган. Бирок, комиссиянын жыйынтыгы боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.

Аталган комиссиянын төрагасынын орун басары, экс-депутат Дамира Ниязалиева депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө эмнелер табылганы боюнча маалымат булактарынын бирине мындай деген: “Дарыгерлер жактан да, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан да, сот бийлигинен да мыйзамсыз иштер болуп, кемчиликтери табылган. Бул иште чоң мафия иштегени белгилүү эле болуп жатпайбы. Бирок өтө кейиштүүсү – катардагы кишилер жоопко тартылып, алардын артында турган кылмышкерлер табылбай калууда”.

Чын эле эмнеге ошондо бул ишти тереңден иликтөөгө алдырган эмес. Себеби, ага Атамбаев өзү катышкан болушу мүмкүн.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: