Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШда жашаган мекендештерге жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-сентябрь күнү Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америка Кошмо Штаттарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү КР жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, Өкмөт, ТИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу маалымдады.

Пикир алышуу болду жана жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды. Атап айтканда, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү КР жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда КРнын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана КР ТИМдин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: