Menu

Тагдыр: Күйөөм акчага кызыгып мурунку аялы менен жарашып алды

Бөлүшүү:

-“Студент кезимде биринчи жолдошум ала качып кеткен болчу. Чындыгында сүйбөгөн адам менен үй-бүлө куруу абдан кыйын экен. Азирет экөөбүз кыздуу болгондон кийин ажырашууга туура келди. Анткени аракка жакын болгону аз келгенсип катынпоз эле. Кээде үйгө да келбей калчу. Бир күнү адаттагыдай мас болуп келип:

– Сен мени жакшы көрбөйсүң. Үйгө түнөбөй калсам эч маани бербейсиң. Демек, сенин менден башка жактырган адамың бар болуш керек, – деди оозу ашаткы жыттанып.

Бул сөздү укканда кыжырым кайнап өзүмдү кармай албай:

– Сасыган алкаш! Сеңи ким жакшы көрсүн?! Үйгө келбей калмак түгүл, ошондон ары биротоло жоголуп кетсең жакшы болмок! – дедим муундарым титиреп.

Ал мени ушундай абалда биринчи жолу көрүп жаткандыктан кадимкидей , соолуга түшкөнсүдү. Анан өзүнчө күбүрөнүп алып сыртка чыгып кетти. Ага чейин кол көтөрсө ыйлап тим болчу элем. Мени ала качып бактысыз кылганын күн сайын ойлоп жүрүп ачуулуу болуп калгандыктан, эми мындан кийин өзүнө жараша мамиле жасоону чечкен элем. Ал ошол бойдон дайынын билгизбей бир жума жоголду. Ошондо кайненеме иштин жайын түшүндүрүп, бул үйгө эч бүлө боло албасымды айткандан кийин кызымды алып шаарга жөнөдүм. Андан соң өзүм окуган институттун жатаканасынан бир бөлмө алдым. Окуумду бүткүчө жалгыз бой эне катары оор турмушту башымдан өткөрдүм. Кызымдын атасы окуган жериме көп эле жолу келип жолугуп кечирим сурап, жараша турган оюн айтканда таптакыр макул болбой койдум. Эркектин баарын ага салыштырып бир топ жыл жалгыз бой жүрдүм. Убакыттын өтүшү менен кызым да чоңоюп студент болду. Өзүм мамлекеттик кызматкер болгондуктан алган маянымдын теңин жашаган батирге төлөгөндүктөн экөөбүз тең кыйналып кеттик. Кызымды эл катары кийинткенге акчам тартыш болуп жатты. Жашоодо акыркы учурларда көп кыйналгандыктан: “Кудай эми мени жакшы адамга туш кыла көр!”-деп тиленип жүргөн күндөрдүн биринде күтүүсүздөн сүйүктүү адамыма жолугуп калдым. Данияр жеке турмушум тууралуу менден шашпай маалымат алгандан кийин:

– Коёнегим… Ушинтип айтканым үчүн кечирип койчу. Сен ала качуунун курмандыгы болуп бактысыз болсоң, а мен ата-энемдин айтканынан чыга албай өзүмө жакпаган кызга үйлөнүп турмушум бузулду. Эми экөөбүз бактылуу болобуз. Мага турмушка чыгасыңбы, ыя? – деп колумду сураганда ошол замат макул болдум.

Анткени жалгыздыктан абдан тажап жүргөн элем. Кубанычтан көзүмдөн жашым куюлуп:

– Мен сага ыраазымын. Бирок, менин кызымды өгөйсүнтпөйсүңбү? – десем ал мен көкүрөгүнө кысып сооротуп:

– Жок… Мен андай адам эмесмин. Сага окшош коёнекти эмнеге өгөйлөмөк элем? Көрөсүң го баары жакшы болот, – деп көңүлүмдү көтөрдү.

Акыры экөөбүз эки жумадан кийин турмуш курдук. Данияр менен кызым Айданектин тез эле тил табышып кеткенине жетине албай жүрдүм. Айданекти кээде тилдеп койсом анын таламын талашканы ого бетер жүрөгүмдү жылытты. Кыскасы, дүйнөдө үчөөбүздөн өткөн бактылуу жан жоктон бетер телегейибиз тегиз эле… Биздин ынтымактуу жашап атканыбызды көрө албаган жолдошумдун туугандарынын ар кандай кеп-сөзүнүн кесепети үй-бүлөбүзгө тийе турган учур келди. Бул тууралуу кыжалат болуп Даниярга айтсам:

– Сен андан эч кам санаба. Алар келжирей беришет, – деп бардык маселени өзү чече тургандай түр көрсөттү.

А мен анын мындай сөзүнө ишенип жүргөн кезде мурунку аялы менен жолугуп жүргөн экен. Анысы бирөөлөрдөн укканыма караганда базарда иштеп акчаны көп табат окшойт.

Бир күнү үйгө кычыраган машинаны айдап келип калды.

– Бул машинаны кайсы акчаңа алдың? – дедим таң калып.

Данияр мурдагыдай күлүмсүрөбөй, багын бүркөп:

– Сенин кандай ишиң бар? Курсагың ток, кийимиң бүтүн болгондон кийин кийлигишпе да, – деп орой жооп берди.

Жүрөгүм бир жамандыкты сезип:

– Балким, мурунку аялың сатып бергендир, – десем кебетесин бузуп, мени жактырбагансып колун шилтеп тетири басты.

Бир аздан кийин:

– Мен сени менен ажырашмай болдум. Досторумдун баары бутуна туруп жатат. Андыктан мен мурунку аялым менен кайра жарашмай болдум. Анын мага өзү эмес, сага караганда көбүрөөк тапкан акчасы керек, – деди ачык эле айтып.

Экөөбүз андан кийин акыйлашып отурбастан дароо ажырашууну чечтик. Ал азыркы кезде мурунку аялым менен жашап атат. А мен кызым менен мурункудай эле батирде тирилигимди өткөрүп жатам. Даниярдан мен мындайды күткөн эмес элем. Көрсө, жашоодо жан дүйнөнүн байлыгынан материалдык байлыкты жогору койгон эркектер деле болот турбайбы. Эми эмне демекчимин? Жаман болсо да аман болсун…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: