Menu

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири

Бөлүшүү:

Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири. Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү, биздин дыйкандарыбыздын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «АгроТехЭкспо-2019» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. Мында дүйнөлүк алдынкы өндүрүүчүлөрдүн агрардык өнөр жай комплекси үчүн техникаларынын жана технологияларынын толук спектри сунушталган.

«Биз айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын өздүк наркын азайтууга жетишүүгө тийишпиз. Бул биздин продукциянын ЕАЭБ рыногунда жана үчүнчү өлкөлөрдө атаандаштыкка жөндөмдүү болушун шарттайт. Тартылган инвестицияларды эске алуу менен бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө «Айыл-банк» ААКга 2,5 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөрдүн негизинде машина-трактордук станциялар техникалык кызмат көрсөткөндө жана айыл чарба техникасын алганда кошумча нарк салыгынан бошотулган», — деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров баса белгилегендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 90 МТС иштейт, анын 37си – муниципалдык ишкана катары саналат.

«Жыл сайын дыйкандар 1000 даанадан ашык атайын техника сатып алышат. Алсак, бул жылы жалпы суммасы 1 млрд 890 млн сомго дагы 1200 даана сатып алуу күтүлүүдө. Анын ичинен 400 даанасы лизингге берилген. Муну менен бирге бөлүнгөн каражаттар дыйкандардын айыл чарба техникасына болгон керектөөсүн толук канааттандыра албайт. Ошондуктан биз айыл чарбасын механизациялоо дэңгээлин жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди көрүп жатабыз», – деп баса белгилеген вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, бул көргөзмөнүн потенциалдуу кардарлары аймактарда экендигин жана ал жактарда дагы мындай иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «АгроТехЭкспо-2019» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүндө 20 өлкөнүн 30дан ашуун компаниясы, ошондой эле республиканын ар башка аймактарынан дыйкандар жана фермерлер катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: