Menu

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Келишим ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо» жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирд.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыктоо.

Кабыл алынган Мыйзамдын 2-беренеси боюнча жогоруда берилген Келишимдин күчүнө кириши үчүн аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: