Ажобуз Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жасап жаткан аракеттерин көрүп туруп, деги арабызда сугалак суук колун казынага салбаган чоңдорубуз калбаган го, деген ойго аргасыз жетеленет экенсин. Убагында менчиктештирилген чоң-чоң мамлекеттик мекемелердин бирөөсүнүн дагы дагы таза, өз баасына кеткендигин таба албай башыбыз маң.
Учурунда “Ата-мекен” фракциясы Баткен облусундагы “Кыргызгаздын” казактарга арзан сатылып кеткен трубалары жөнүндө орчундуу маселе көтөрүп чыгышкан эле. “Кыргызгаз” Оруссияга бир сомго сатылып кеткенден кийин, мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “ылай сууда балык кармаган жеңил болот” таризденип, аталган облустагы “Кыргызгаздын” 26 км трубасын сатып үлгүргөн.
Кайра жакшы, өз убагында облус тургундары маселени кабыргасынан коюп, калган трубаларды кулкуну куураган Кулмурзаевден алып калышкан.
Аталган фракция жакшы эле күпүлдөшүп, барып тык токтоп калышкан эле.
Же, Тургунбек мырза трубаларды тургузуп койдубу? Же, Ата-мекенчилерге ооз басырык сойдубу, айтоор, депутаттарыбыздын күпүлү күрт токтогон болчу.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, труба маселеси кайрадан “турчуудай” болуп жатыптыр…
Булак: “Параграф”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ