Menu

Министрликпи, чайкоо базарыбы же М. Ташболотов менен Ж.Керималиевдин дыйкандарда кандай өчү бар?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго,

Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору Ө. А.Жамшитовго

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин мурдагы башкы адиси Күмүшбек Калчекеевден

Арыз

Мен, 10 уул-кыздын атасы, 62 жаштагы Калчекеев Күмүшбек, айыл-чарбасында 40 жылдан ашуун иштеп келип, соңку 24 жылда министрликте башкы адистикти аркаладым. 2018-жылы 9-июнда саат 11 ченде статс-катчы Максат Ташболотов кабинетинде мени себепсиз сабагандыгы үчүн Биринчи Май РИИБына арыз бердим.

Тергөөчү У. Ормукеев статс-катчы М. Ташболотовго телефон чалып, арыз түшкөндүгүн билдирип, келип түшүнүк берүүнү өтүнгөн. Бирок, М. Ташболотов ага баш ийбей, 10-15 мүнөт өтпөй, Башкы прокуратурадан Мамыров Алайбекке (жердеши, айыл чарбасы боюнча куратор) телефон чалдырып, менин көзүмчө тергөөчүгө кысым жасаткан. Ошол бойдон тергөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбей, жогорудагы кылмыш иши жабылган. Бирок, андан кийин 17-августта Биринчи Май райондук прокуратурасы улам чакыртып, келип түшүнүк бергенмин. Андан бери көп убакыт өткөндөн кийин кылмыш ишин козгоодон баш тарткан токтом чыгарып койгондо, мен 27. 09.2018-ж. ошол эле күнү арыз жазып, тергөөчү Улук Момутовго кайра тапшырганмын. Себеби, статс-катчы М. Ташболотов мени кызмат абалынан кыянат пайдаланып куугунтуктап, мыйзамсыз артыман аңдуу уюштуруп, шылтоо таппай келген. Менин сабалышым, негизинен, ич ара пикир келишпестиктерден башталган. Мен менчиктештирүү боюнча 1994-жылдан бери дыйкандардын аягына чыкпай келген арыз-кайрылууларынын үстүндө иш жүргүзүп келгем. Мен ошол коррупциялашкан иштерди калыбына келтирүүдө жогорку органдарга 10 жылдан бери сунуш-кайрылуулар менен курч маселелерди көтөрүп келгеним биздин министрликтин жетекчилигине, биринчи кезекте,уюмдашкан орун басарларына жакпай, куугунтукка кабылсам да, бул аракеттеримди токтотподум.

Себеби, айыл эли мүлкүн мыйзамдаштыруу иш-кагаздарын бүткөрүүнү жыл сайын суранып, арыздар менен кайрылып келишсе да, жетекчилик көз жаздымда калтырып, менин иштешиме ар кандай бут тосуулар токтобостон, кайра күч ала баштаган. Ошондой болсо да, 2015-жылдан тартып мекемелер аралык комиссиянын бүтүмүнө ылайык Өкмөттүн токтом долбоорун Маммүлк фонду жана Экономика, Юстиция министрликтери менен макулдашууларды тынымсыз жүргүзүп, КР Өкмөтүнө 3 жолу токтом долбоорун кароого бердим. Бирок, жргоруда айтылгандай,статс-катчы М. Ташболотов, орун басар Ж. Керималиев, юрист А. Жакшылыкова ачык эле каршылык көрсөтүшүп, мага асылышып, менин үстүмөн кайра жамандап жазышып турушту.

Айыл чарбасы боюнча көп нерсени түшүнө бербеген майда коммерсанттын деңгээлиндеги министр Нурбек Мурашевди бул маселелерди чечүүгө каршы турууга үгүттөшүп, кайра мени тилдеткенге чейин жетишишкен жана кызматтан мыйзамсыз бошотууга буйрук чыгартышкан. Жетекчилик мыйзамсыз иштен кетирилгендигимди “закондоштуруу” үчүн буга чейин мен ээлеп келген “башкы адис” деген кызмат ордумду министрликтин борбордук аппаратынын структурасынан жоюп салууга чейин барышкан. Мындай зомбулук мага карата 3-жолу орун алып отурат. Муну министр Мурашев өзүнүн кат-сабатынын, жетекчилик тажрыйбасынын чектелүү деңгээлинен улам түшүнбөйт же министрликтеги уюмдашкан орун басарларынан коркуп, тартипти талап кыла албайт деп ойлойм. Антпесе, 4 айдан бери менин 12 кишиден турган үй-бүлөм азап тартмак беле?..

Ачыгын айтсам: мурдагы менчиктештирүү иштеринде орун алган массалык түрдөгү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануулар менен коштолгон ири масштабдагы уурдап-сатуулары, жоболорду, менчиктештирүүдөгү мыйзам актыларын бурмалап, жеке кызыкчылыктарына азгырылган топтордун коррупциялашкан иштерин жаап-жашыруу аракеттерине ачык чыгып, министрликтин айрым жетекчилерине душман болдум.

Айыл-чарба министрлигинин жетекчилери ошол КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-ноябрындагы регламентти бузуу аркылуу ишке ашып кеткен 874-токтому Мүлк Фонду менен макулдашылбай, өз кызыкчылыгы бар гана топтун артынан республика боюнча миңдеген дыйкан-фермердин укуктары басмырланууда. Ал ортодо айыл чарба объектилеринин Өкмөттүн 42-токтомунун негизинде дыйкан чарбаларга 10 жылда төлөп берүү шарты менен республика боюнча 547 миллиондук мүлк берилип, анын 135 млн сомудыйкан чарбаларынан бюджетке убагында төгүлбөстөн, бир жагынан, мамлекетке оор зыян келтирилсе, экинчиден, министрлик жетекчилеринин кайдыгерлигинен көптөгөн айыл-чарба ишканалары таланып-тонолуп кеткен. Мисалы, 100дон ашуун асыл тукум заводдору ири мал-мүлктөрү менен уурдалып, мамлекетке орду толгус зыян келтирилген. Муну көп жылдан бери айтып келатсам да, министрликтин Ташболотовго окшогон жетекчилери укпай, өзүмдү жек көрүшүп, куугунтукка алышууда.

КР Өкмөтүнүн менчиктештирүү саясаты ошол № 874-токтомдон кийин дыйкандар менен жеке ишкерлерге колу-буту байлаган абалда 15 жыл кармалып.аны оңдоого эч кандай чара көрүлбөдү. Бул маселени көтөргөн мага «коллективдүү заговор» уюштурушуп, жетекчилер тарабынан дыйкандарга чыккынчылык менен абийирсиз бут тосуулар жаралды. Ошол эле учурда дыйкандардын эсебинен бензин куюп, машине минип, ойчойгон айлыктарды алышып, арам оокатка семирип, Өкмөткө жалган сводка жөнөтүү менен алек болгон миниардин орун басарлары Кыргызстандын айыл-чарбасын башкара албай, сызга отургузушту. Азыр терең анализ жүргүзгөн эч ким жок: министр Мурашевдин чала-са-баттыгынан пайдаланышып.баарын көбүртүп-жабыртып, жасалма отчетторун бетке тутушат.

2000-жылдан бери Айыл-чарба министрлигинин мурдагы ыйгарым укуктарын бүт жоготуп: же жер саясатын жүргүзө албай, же дыйкандарын укуктарын коргомок түгүл, напсилерин агытышып, маскара болушканын сезбей жатышат. Мисалы, айыл өкмөттөрү биздин министрликке баш баш ийбейт. Дыйкандардын суроо-талаптарын, өндүргөн азык-түлүктөрүн коргоп-сатууга жараган, демилгелери да, иш-аракеттери да жок.

Министр Мурашевдин атынан статс-катчы Ташболотов КР Өкмөтүнө ж.б. инстанцияларга, арыз ээлерине атайылап формалдуу, туура эмес жоопторду, маалыматтарды берүүнү өнөкөткө айланткан. Муну ачык айткандыгым үчүн артыман куугунтук ого бетер күчөдү. Натыйжада, менден айып таба алышпай, министрликтеги акыркы ондогон жылдардагы менчиктештирүү жаатындагы ири өлчөмдөгү кылмыштарды ашкерелөөнү токтотуу токтотуу максатында – менден кутулуу үчүн министрликтин мен жетектеген менчиктештирүү секторун жоюп салышты жана мага жалаа жаап, көчөдө калтырышты.

Министрдин орун басары Ж. Керималиевдин тапшыруусу менен июлдун Зүнөн 8ине чейин мени Ысык-Көлдүн Темир айыл аймагына элдин суроо-талабы боюнча жиберилип, 170 дыйкан-чарба мүчөлөрү катышкан чогулуштун токтому эске алынбай, атайылап уюшкан топтун этика кпмиггия мучөлөрү М. Ташболотовдүн карасанатайлык көрсөтмөсү менен мени 5 күн кызматта болгон эмес деп, мыйзамсыз буйрук менен иштен кетиришкен. Натыйжада мен ээлеген кызматыман мыйзамсыз алынып, кезектеги алуучу отпускамды да бербей, 4 айдан бери иштебей жатамын. Азыр болсо тигил шүмшүктөр соодалашып: «встречный арыз берсең – кызматка кайра коёлу, отпускацды берели»-деп, 1 айдан бери мени кысымга алып жатышат. Ошондой эле Мурашев президент Жээнбековдун атына жамынып сүйлөгөндүктөнбү, айтор, Биринчи Май районунун прокурору Асаналиев ага каяша айтканга даай албай келүүдө. Келме айтканга караганда “энеңди сс…” дегенди кыраатына келтирген, “курсактуу Тайсон” атыккан тажрыйбалуу чоңмуштум Мурашевге баш бакан Абылгазиев эмне үчүн чара көрбөйт?!

Дагы бир көңүл бурууга арзый турган олуттуу нерсе-соңку 20 жылда айыл чарба министрлиги аркылуу элге берилген миллиарддаган өлчөмдөгү дыйкандардын колу коюлуп, чиновниктердин чөнтөгүнө түшкөн б.а. уурдалган кредиттер, гранттар боюнча менин демилгем боюнча кайрадан такталган документтерди Ташболотов менин кабинетимден алдыртып, алардын тагдыры дайынсыз. Мен бул маселе боюнча Ташболотовдон сураганымда, ортобузда дагы бир жолу жаңжал чыккан…

Бул айыл чарба министрлигибиже Мурашов менен анын орун басарлары Ташболотовдун жана Керималиевдин чайкоо базарыбы?!

К.Калчекеев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: