Кечээ, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык таймашына күбө болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын ат майданында өткөрүлгөн оюнга облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген көк бөрү курама командалары катышкан. Таймаш кызуу өтүп, натыйжада биринчи орунга Чүйдүн “Сары-Өзөн” курама командасы татыган. Ал эми экинчи орунду Ысык-Көлдүн көк бөрүчүлөрү багынтып, үчүнчү орунду Таластын курама командасы алган.
Кошумчалай кетсек, алп калемгердин уулу Эльдар Айтматов да Ош шаарында уюштурулган көк бөрү таймашына күбө болуп, сыйлык тапшыруу аземине катышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары эки күндүк иш-сапар менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ