Menu

Этикеттин кызыктуу эрежелери

Бөлүшүү:

Бул эрежелерди жатка билип алуу менен сиз маданияттуу адам боло аласыз?

—Эч качан чакыруусуз коноко барбаңыз! Кыргызда да жакшы кеп бар: «Чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат» деген. Чакырыксыз, сюрприз кылам деп барып алып, үй ээсин да, өзүңүздү да ыңгайсыз абалгаалып келишиңиз мүмкүн.

—Кафе-ресторандарга барганда сумканы тизеге же өзү отурган стулга койгон болбойт. Кичине клатч өңдүү сумка болсо, стол четине, чоң болсо отургучтун жөлөнгүчүнө илип, портфель болсо жерге коюлат.

—Эркектер аялдардын сумкасын сейилдеп жургөндө көтөрүп алганга болбойт.

—Коноко барганда, диетадамын деп элге жарыялап тамактан баш тарткан болбойт. Кожойкенин кулинардык жөндөмүн мактап коюңузда, тамакты жебей эле койсоңуз болот.

—Коноко барганда сүйлошпөй турган темалар: дин, ден соолук, акча, политика.

—Коноктон бул суроону да берүү этикетке жатпайт: —«Ай-иий көйнөгүңлү канчага алдың, сонун экен? Эгер сизге бул суроону берсе, 3 сиз – бул белек – деп жооп берүү туура.

—Ар бир 12 жаштан өткөн адамга сиз деп кайрылыш керек. Сизден уулу болсо да, кичүү болсо да. Эң жакын гана дос же тең куракта жакшы тааныш болсо гана сен деп кайрылат. Эгерде чала тааныш же таптакыр тааныш эмес адам сендеп жатса, сиз мага кайрылып жатасызбы? – деңиз, И болбой эле түшүнбөсө, биз сен деп И сүйлөшкөнгө өтө элекпиз го – десеңиз болот. Шоферлорго, официанттарга, ж.б. кызмат көрсөткөн адамдарга да сиз деп кайрылуу керек.

—Жаныңардажок адам жөнүндө сүйлөшүп, ал адамдын журүш-туруш мүнөзүн талкуулоо болоойт. Бул кадимки эле ушак болот.

—Жана да менин аялым мындай же күйөөм тигиндей деп даттануу таптакыр этикетке туура келбейт. Жаман болсо неге ажырашып кетпей, жашап жатасыз?

Маданияттуу, сылык – сыпаа адам болуу менен сиз көп ийгиликтерге жетишип, досторуңуз көбөйөт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: