Menu

Фото – Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында жетишкен макулдашуусунун алкагында, 2019-жылдын 16-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин, ошондой эле кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жана укук иштери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук сызыкты чийүүнү улантууну активдештирүү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Туруктуу аракеттеги жумушчу топтун ишмердүүлүгү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тез арада чечүү боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарында ишке кирген топографиялык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу аракеттеги жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: