Menu

Видео – Зайырбек Эргешов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси: «Өзүн Кудаймын деген Арстан Алайдын билдирүүлөрү экспертизага жөнөтүлдү»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов парламентке келип, диний маселелер боюнча баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Анда депутат Улугбек Ормонов: “Өзүн Кудаймын деп жүргөндөр кандай жазага тартылды?”,-деген суроо узатып, теңирчилердин диний уюм катары катталган, катталбагына кызыкты.

Ал боюнча Зайырбек Эргешов жооп берди. Анын айтымында, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 экстремисттик уюм табылган. Теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эмес.  Арстан Алайдын айткандары экспертизага жөнөтүлгөн. «Өзүн «Кудаймын» деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт», — деди З.Эргешов.

Эске сала кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын кудайы» деп жарыялаган жыйынды 1-октябрда өткөргөн. Жана ал социалдык тармактарга ушундай сөздү жайылтып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: