Кечээ, 14-октябрда Эл аралык медицианлык университетте студенттер мушташып кетишти. Алгач бири-бирине кыйшык караган индус студентер менен пакистандыктар деп жатышкан. Көрсө, пакистандыктар эле өз ара болбогон нерсе үчүн чатакташып кетишкен. Милиция келип, 30дай студентти 4-шаардык милиция бөлүмүнө алып барышкан. Териштиргенде, эч ким деле мушташпай, 10 чакты жигит айкырып-кыйкырып эле, мушташып жатккандай ызы-чуу болуп кеткен. Эки студент жакалашып эле кетиптир.
Азыр өлкөдө 18 миң Индиянын жана 2 миң 200 Пакистандын жарандары билим алат. Бул эки өлкөнүн студенттери башында гана бирге болуп, анан бөлүнүп, чогуу деле окушпайт.
Эл аралык медициналык университет Бишкектин Анкара көчөсү 1/17 дареги боюнча жайгашкан. Ректору – ырчы Роза Аманова. Университеттин ээси – “Аструм-Берекет” ЖЧКсы – Султан Медетбекович Мырзабеков, жетекчиси – Елена Михайловна Серебрякова. Компания 2018-жылы 25-июнда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: негизинен кыймылсыз мүлкүн ижарага берет. Кайра катталганга чейин дагы бир ээси “Берекет ЖАКсы болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ