Menu

УКМК: Соцфонддун аппарат жетекчиси кармалды, ал кол алдындагылардан акча жыйнаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси Акылбек Байдылдаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки процесстердин алкагында материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө жана мажбурлап акча чогултушкан Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобун аныктаган.

“Тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттердин уюштуруучусу болуп Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси А.Б. саналары аныкталды. Ал фонддун аймактык бөлүмдөрдүн ар бир жетекчисинен ири суммадагы акча чогулткан” – деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, башка жетекчилер А.Б.нын тапшырмасын аткаруу үчүн Социалдык фонддун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эсебиндеги акчаларды ар кандай чыгымдарга жумшалды деген шылтоо менен мыйзамсыз алышып, талап кылынган сумманы толук төлөп берешкен.

Шектүү А.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: