2017-жылдын 2-3-ноябрь күндөрүндө Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) туруктуу комиссияларынын жыйындары өтүп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы өкүлчүлүгү билдирет.
КМШ ПААнын Укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Нурбек Алимбеков катышууда. Ал эми Жогорку Кеңештин аталган комитетинин дагы бир мүчөсү Сайдолимжан Жураев болсо КМШ ПААнын Мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбаларын иликтөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында болду.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров КМШ ПААнын Агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ